• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Кыргызстан менен Беларустун темир жол тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагалары – Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак эки өлкөнүн темир жол тармагындагы кызматташтыгын талкуулашты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, алар комиссиянын XII жыйынынын официалдуу өкүлдөрү менен биргеликте "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына барышты.

Анда тараптар темир жол тармагындагы кыргыз-беларусь кызматташтыгынын актуалдуу маселелери тууралуу кенен сүйлөшүү жүргүздү.

Бакыт Төрөбаев президент Садыр Жапаров өлкөнүн темир жол тармагына өзгөчө көңүл буруп, анын алкагында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын техникалык паркы жаңыланып, “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал” темир жол долбоору ишке ашып жатканын, ошондой эле "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу” эл аралык ири долбоорун ишке ашыруу процессинин жүрүшүнө токтолуп, темир жол тармагында тажрыйбасы мол Беларусту кызматташууга чакырды.

Өз кезегинде Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак темир жол тармагында кызматташууну бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен Беларусь темир жолу ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуудан кийин тараптар “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын вагондорду оңдоо заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий