• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кыргызстандыктар Британияга баруу үчүн VFS Global операторуна кайрыла алышат – дареги

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Улуу Британиянын консулдук маселелер боюнча регионалдык менеджери Фиона Макстон менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Улуу Британиянын Виза борборунун оператору TLS Contact компаниясынан VFS Global компаниясына алмашуусуна байланыштуу Кыргызстандын жарандарына Улуу Британияга Кыргызстандын аймагында виза алуу үчүн арыз берүү мүмкүнчүлүгү дагы белгиленди.

Улуу Британиянын өкмөтүнүн программасынын (Sezonal Workers Programme) алкагында өлкөдө сезондук айыл чарба жумуштарында эмгектенип жаткан КР жарандарынын маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жумакадыр уулу бул багыттагы өнүгүүнүн оң динамикасын жана Кыргызстандын жарандарынын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн баса белгилеп, ошондой эле бул жаатта кызматташуунун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар консулдук багытта эки тараптуу мамилелерди бекемдөө үчүн туруктуу байланышты жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: 2024-жылдын 5-ноябрынан тарта Кыргызстандын жарандары Улуу Британияга баруу үчүн визалык арыздарды Кыргызстандын аймагында VFS Global оператору аркылуу берүүгө мүмкүнчүлүк алышты (дареги: Киевская көч. 62, иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин).

Пикир

Оставить комментарий