• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Кыргызстан менен БУУ ФАОнун ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги Данияр Амангелдиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы жетекчиси Олег Гучгелдиевди кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба тармагындагы актуалдуу маселелерди жана биргелешкен долбоорлорду кеңейтүү перспективаларын талкуулашты. Айрыкча ФАОнун азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу жана чакан дыйкан чарбаларынын экспорттук потенциалын колдоо боюнча иштерин улантууга өзгөчө көңүл бурулду.

Данияр Амангелдиев ФАО менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн, анын ичинде инновацияларды киргизүү, туруктуу агросистемаларды өнүктүрүү жана чакан фермерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча негизги маселелерди чечүүдө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Тараптар айыл чарбасын колдоо жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу өлкөнүн экономикалык өсүшү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда тыгыз кызматташууну улантуу боюнча макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий