• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен БУУнун качкындар иштери боюнча кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев БУУнун Борбор Азиядагы Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын аймактык өкүлүнүн милдетин аткаруучу Думитру Липкану менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактагы жана өлкөдөгү качкындар жана жарандыгы жок адамдар тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Асеин Исаев качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо жаатында мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Министрдин биринчи орун басары белгилегендей, акыркы жылдары олуттуу прогресске жетишилди, мыйзамдык база түзүлдү, качкын макамын аныктоо боюнча зарыл процедуралар жана механизмдер киргизилди, алардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүп жатат.

Өз кезегинде Думитру Липкану жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле 8-ноябрда Ашхабад шаарында өткөн "Борбордук Азияда жарансыздыкты жоюу" аттуу Борборд Азиялык министрлик конференциясына катышуу учурунда Кыргызстандын делегациясынын аткарган иштерин жыйынтыгы боюнча көрүлгөн оң таасирлери менен бөлүштү.

БУУнун Борбор Азиядагы Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын өкүлү качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө мыйзам актыларын кабыл алууда Кыргызстандын лидердик ролун өзгөчө баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстан менен БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын ортосундагы мындан аркы тыгыз кызматташууну улантууга ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий