• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Анжелика Шопп менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен ЭКККнын ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде эл аралык гуманитардык укук жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жаатындагы ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды. Тараптар конструктивдүү маанайда өнүгүп жаткан эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлине канааттангандыгын билдиришти.

Асеин Исаев ЭКККнын Кыргызстандагы миссиясынын аймактардагы медицина кызматкерлерин колдоого жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин табигый кырсыктарда жана башка өзгөчө кырдаалдарда тез медициналык жардам көрсөтүүгө үйрөтүүгө багытталган баса белгиледи.

Министрдин биринчи орун басары ЭКККнын Кыргызстандагы миссиясынын өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана жооп кайтаруу иш-чараларынын алкагында жаракат алгандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча окутууну колдоо, ошондой эле коопсуздук жана коргоо күчтөрүнүн кызматкерлеринин арасында Эл аралык гуманитардык укукту жайылтуу боюнча олуттуу ишин баса белгиледи.

Анжелика Шопп ЭКККнын Кыргызстандагы миссиясынын артыкчылыктары жана келечекке пландары менен бөлүшүп, гуманитардык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууда кыргызстандык өнөктөштөр менен жигердүү кызматташууну улантуу ниетин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Асеин Исаев ЭККК миссиясына өлкөдөгү долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастап, мындан ары кызматташууну бекемдөөгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий