• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакаланы миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев соода жана инвестиция, энергетика, транспорт, логистика жана билим берүү программаларынын алкагындагы өз ара аракеттерди мындан ары кеңейтүүгө өзгөчө басым жасады.

Өз кезегинде атайын өкүлү Тери Хакала акыркы жылдары Кыргызстан менен Европа Бирлигинин бардык багыттар боюнча кызматташтыгы кыйла активдешкенин белгиледи. Ал 2023-жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия жана Европа биримдигинин лидерлеринин жолугушуусун мисал келтирип, мындай иш-чаралар эки тараптын саясий эркинин жана аракеттеринин натыйжасы экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев атайын өкүл Тери Хакалага жемиштүү иши үчүн терең ыраазычылык билдирип, анын жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий