• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан менен Финляндиянын соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыгы талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. 25-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Финляндиянын тышкы соода жана өнүктүрүү министри Вилле Тавио менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү зарылдыгын белгилеп, финлянд компанияларын Кыргыз Республикасына инвестициялоону чакырды.

Тараптар ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу пландарын талкуулашты.

Соңунда Жээнбек Кулубаев 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлиги тууралуу маалымат берип, өлкөнүн талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий