Парижде Кыргызстан менен Франциянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Париж шаарында Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Экономика жана финансы министрлигинин эки тараптуу кызматташтык Департаментинин директору Фани Лабарте менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Садык Шер-Нияз Кыргызстандагы маанилүү ички саясий өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдап, кыргыз-француз эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Садык Шер-Нияз соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди келишимдерди түзүү жана Бишкек шаарында кезектеги кыргыз-француз бизнес форумун өткөрүү жолу менен өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Франциянын дүйнөдөгү климатты жана экологияны жакшыртуу боюнча аракеттерин эске алып, элчи "жашыл" долбоорлорду сырткы карызга алмаштыруу менен аны жоюу маселесин кароону сунуштады.

Тараптар “EDF”, “Voltalia”, “Airbus”, “Sanofi” жана “Société des Trois Vallées” француз компанияларынын Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусун оң баалашты.

Өз кезегинде Фани Лабарте Франциянын Кыргызстанда гидроэнергетика жана туризм тармагында ири долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экендигин тастыкташты.

Пикир

Оставить комментарий