• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстан жана Германия «жашыл» долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташууну улантат

Коом 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Берлин шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо, ядролук коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча федералдык министрлигинин статс-катчысы Кристиане Роледер менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде эки өлкөнүн экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуу маселелери каралды.

Жолугушууда Жээнбек Кулубаев маектешине Кыргызстандын БУУнун алкагында мөңгүлөрдү, жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча демилгелери, ошондой эле глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү ооздуктоо боюнча өлкөдө көрүлүп жаткан негизги чаралар тууралуу айтып берди.

Тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары, курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш сыяктуу тармактарда олуттуу потенциал бар экенин белгилешти. Айрыкча, Кыргызстандын жаратылышын коргоого зор салым кошуп жаткан Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (НАБУ) жана Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун (ЦАИИЗ) ийгиликтүү иши оң бааланды.

Маектештер ошондой эле Германиянын «Жашыл Борбордук Азия» демилгесинин жана иштелип жаткан Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуунун Регионалдык стратегиясынын алкагында мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, анын ичинде аймактык да, улуттук да форматта «жашыл» долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий