• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан менен Германиянын ар тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилдин жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү, тактап айтканда, соода-экономикалык кызматташтык, билим берүү жана "жашыл" экономика жаатындагы маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле алдыда боло турган иш-чаралар жана өз ара сапарлар боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий