Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Кыргызстан жана Греция диппаспорттордун ээлери үчүн виза режимин жокко чыгарды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Греция өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу бүгүн, 8-августта күчүнө кирет.
Макулдашууга ылайык Кыргызстан жана Греция – дипломаттык паспортторунун ээлери 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу болуу учурунда визалык талаптардан бошотулат.
Пикир
Оставить комментарий