• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Грузия коррупцияга каршы кылмыштуулук менен күрөшүүдө тажрыйба алмашат

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Грузия коррупцияга каршы кылмыштуулук менен күрөшүүдө тажрыйба алмашат. Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кызматташтыкты бекемдөө боюнча документке эки өлкөнүн башкы прокурорлору Курманкул Зулушев жана Ираклий Шотадзе кол койду.

Тараптардын жолугушуусу Тбилиси шаарында өтүп, анда эки тараптуу өз ара иш-аракеттеринин укуктук багыттары боюнча бир нече актуалдуу маселелер талкууланды.

Башкы прокуратурадан иш сапар Европа Биримдиги менен БУУ БКБнын Just4Al биргелешкен долбоорунун алкагында уюштурулгандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий