• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 14.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

“Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору (мындан ары – долбоор) эл аралык аэропортторундагы аба кыймылын башкаруу системасын жаңылатуу жана модернизациялоо иштерин жүргүзүүгө, эскирген жабдыктарды жаңылатууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана бул тармакта иштеген адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган. Бул учуу коопсуздугун камсыздоого жана аба мейкиндигин натыйжалуу пайдаланууга зарыл шарт болуп эсептелет.

Долбоордун алкагында JICA тарабынан “Ош” аэропортундагы аэронавигациялык вышканы куруу жана “Манас” менен “Ысык-Көл” аэропортторундагы аэронавигациялык жабдыктарды модернизациялоо үчүн грант каралган, жана “Ош” аэродромунун учуп-конуу тилкесин 400 метрге узартуу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий