• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Кыргызстан менен Индиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов MERI тобунун вице-президенти Лалит Аггарвал менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда билим берүү, студенттерди жана профессордук-окутуучулук курамды алмашуу жаатында эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү талкууланды.

Бешимов билим берүү тармагы Кыргызстан менен Индиянын эки тараптуу кызматташтыктын түркүктөрүнүн бири экенин белгиледи. Жыл сайын 3 миңдей индиялык студенттер Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын медициналык факультеттерине окууга жөнөтүлөт. Кыргызстанда 2024-жылдын ноябрь айына карата индиялык студенттердин саны 20 миңге жакынды түзөт.

Элчи жогорку билим берүү программаларында медициналык адистерди биргелешип даярдоодо кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстан жана Индиянын окуу жайларында билим алуу үчүн эки өлкөнүн жаштарынын каалоосун стимулдаштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Лалит Аггарвал Нью-Дели менен Бишкектин ортосунда өзгөчө маданият жана билим берүү тармагындагы байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкекте Индия таануу борборунун ачылышына жана жаңы технологиялар тармагында кадрларды даярдоо боюнча биргелешкен мекеме түзүүгө көмөктөшүүнү макулдашышты.

Лалит Аггарвал жогоруда аталган маселелер боюнча мүмкүн болгон өнөктөштөр менен жолугушуу үчүн Кыргызстанга келүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий