• 86.8
  • 91.4
  • 0.83

Кыргызстан менен Индиянын Маданият жана достук жылынын алкагында иш-чараларды өткөрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 5-январында Нью-Дели шаарында Кыргызстандын Индиядагы элчиси А. Исаевдин Маданий байланыштар боюнча Индия кеӊешинин (ICCR) жаӊы дайындалган башкы директору Кумар Тухин менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы Маданият жана достук жылынын алкагында, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына арналган ушул жылдын ичинде маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, кыргыз тарабынан Индиянын аймактарында Кыргызстандын чыгармачыл топторунун биринин концерттик программасын уюштуруу сунушталды, ошондой эле:

- чыгармачыл топторду алмашуу;

- биргелешкен сүрөт көргөзмөсү;

- кыргыз киносунун Индиядагы күндөрү жана КРагы Индия киносунун күндөрү;

- Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук жана өз ара маданий алмашуу жөнүндө тематикалык телеберүүлөрдү даярдоо;

- Индияда Кыргызстандын кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү.

Мындан тышкары, тараптар жыл сайын эки өлкөнүн ортосунда студенттерди (10-күндүк программа) жана университеттердин эл аралык мамилелер факультеттеринин базасында лекцияларды окуу үчүн профессордук-окутуучулар курамын алмашууну караган Макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашышты.

Элчи Исаев өзгөчө Кыргыз Республикасынын аймактарынан келген кыргызстандык студенттер Индия кеңеши тарабынан бөлүнгөн Индиянын ЖОЖдорунда бакалавр, магистратура жана докторантурада ар түрдүү багыттар боюнча окууга квоталарды толук пайдалануу боюнча өзгөчө белгиледи.

Кеңештин башкы директору өз кезегинде, кыргызстандык студенттерди Индиянын салттуу медицинасы Аюрведа, натуропатия, йога ж.б. курстардан өтүүнү каалагандарга мүмкүнчүлүк берген Аюрведа стипендиялык программасынын алкагында бөлүнгөн квоталарга анкеталарды жөнөтүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында таараптар ICCR алкагында маданий кызматташтык чөйрөсүндөгү байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана колдоого өз ара каалоолорун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий