Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтык талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 09.06.24. /Кабар. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана финансы министри Алмаз Бакетаев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассер жолугушту.

Экономика министрлигинен маалымдашкандай, жолугушууда Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусу менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жакырчылыкты кыскартуу, ипотекалык насыялоо, энергетика, тактап айтканда ЭКБ жана логистикалык борборлорду куруу жаатындагы маселелер талкууланды.

Өлкөнүн энергетикалык секторун өнүктүрүүгө, тактап айтканда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна көп көңүл бурулду.

Ислам өнүктүрүү банкы энергиянын кайра жаралуучу булактары жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин жана каржылоо маселелерин кароого даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы тыгыз кызматташууну улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий