• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстан менен Италиянын ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо келишимине кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Италиянын ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерге кол коюлду.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, макулдашуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Италияга болгон расмий сапарынын алкагында орун алып, документке Кыргызстандын башкы прокурору жана Италиянын юстиция министри кол коюшту.

Макулдашуулар атуулдарды жазык жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле соттолгон жарандарды жаза өтөө үчүн өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүү жол-жоболорун жөнгө салат.

Тараптар жарандардын укуктарын коргоо максатында келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана кызматташтыкты тереңдетүү боюнча ишти улантуу ниетин билдиришти. Аталган келишимдерге кол коюу эки өлкөнүн сот адилеттигинин эл аралык стандарттарына берилгендигин баса белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий