• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Кыргызстан менен ЮНИДОнун ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Кыргызстан жана ЮНИДОнун ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо маселеси талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маселе 29-октябрда Вена шаарында Кыргызстандын экономика министринин орун басары Санжар Болотов ЮНИДОнун башкы директорунун орун басары Юко Ясунага менен жолугушуусунда талкууланды.

Тараптар өлкөлүк өнөктөштүк программасын, «жашыл» экономика жана санариптештирүү чөйрөсүндө кызматташууну, ошондой эле 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясын жана келечектеги Өнөр жай стратегиясын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий