Кыргызстан менен Катар транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катарга болгон расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн транспорт министри Джасим бин Саиф Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн транспорт жана логистика тармагындагы кызматташуусун талкуулашты. Түз авиакаттамдарды ачуу маселелерин биргелешип иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты. Министрлер эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин өнүктүрүү үчүн бул тармакты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана бул багытта практикалык кадамдарды жасоого макулдашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө темир жол байланышын өнүктүрүү боюнча перспективдүү трансконтиненталдык долбоорлорго Катардын катышуусу талкууланды.

Ж.Кулубаев Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) кеңешине Катардын шайланышы менен Ж.Аль-Сулайтини куттуктп, бул жетишкендик өлкөнүн ушул жааттагы эл аралык кызматташууга кошкон зор салымын чагылдырарын белгиледи. Өз кезегинде катарлык министр Кыргызстандын Тышкы иштер министрине көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Катардын эл аралык аянтчалардагы өз ара аракеттенүүсү кызматташтыктын горизонтторун кеңейтип жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев Катар министрин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий