• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстан менен Катардын Юстиция министрликтеринин кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын юстиция министри – министрлер кабинетинин иштери боюнча мамлекеттик министри Ибрагим бин Али Аль-Моханнади менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки тараптуу мамилелерин бекемдөө жана эки өлкөнүн юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, тараптар жарандарга укуктук жардам көрсөтүү жана юридикалык каттоо иш аракеттерин санариптештирүү боюнча кыргыз тарап менен тажрыйба алмашуу жолдорун талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий