• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстан менен Катардын кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери департаментинин директору Жаухара Юсуф Фахру менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгынын күн тартибиндеги негизги маселелерге токтолуп, өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар жакынкы келечекте бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле сапарлардын мазмундуу бөлүгүн даярдоо маселелери боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар, сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн, ар дайым тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий