• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстан менен Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган макулдашуунун максаты - инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен тараптардын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташууну кеңейтүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана капиталдык салымдар менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу аркылуу алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жаатында келишимдик укуктук базаны түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий