• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстан менен Казакстан кырсыктардын алдын алууда кызматташтыгын бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Кыргызстан менен Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин VI биргелешкен коллегиясы өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Кезектеги коллегия Кыргызстан менен Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Чингис Ариновдун төрагалыгы астында өттү.

Жолугушууда тараптар соңку мезгилдердеги климаттык өзгөрүүлөрдөн улам кылымга тете убакытта болуп көрбөгөн табигый кырсыктар орун алып жаткандыгына байланыштуу калкты жана аймактарды коргоого багытталган иш-аракеттерди күчөтүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Өз кезегинде Чингис Аринов ири сел кырсыгында биринчилерден болуп, биртуугандык сезим менен казак элине эки ирет гуманитардык жардам көрсөткөндүгү жана катуу сууктан улам кар күрткүдө калган жарандарды эвакуациялоодо кыргыз куткаруучуларынын жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Алтынча ирет өтүп жаткан коллегиянын жүрүшүндө тараптар кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда биргелешкен машыгууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу, материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүү, трансчекаралык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал учурунда биргеликте кесепеттерин жоюу, Борбор Азия жер изилдөө институтунун изилдөөлөрүн колдонуу менен жаңы ыкмаларды киргизүү жана башка бир катар маанилүү макулдашууларды камтыган протоколго кол коюшту.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин VII коллегиясы 2026-жылы Казакстанда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий