• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Казакстандын паспорту Борбор Азияда эң күчтүү деп табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. “Passport Index» порталы виза режими боюнча мүмкүнчүлүгү көп мамлекеттердин тизмесин жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын паспорту Борбор Азиядагы эң күчтүү деп табылды.

Паспорттун к үчү визасыз барууга мүмкүн болгон мамлекеттердин саны менен аныкталган.

Казакстандын жарандары визасыз 71 мамлекетке бара алат. Буга ылайык аталган тизмеде Казакстан 56-орунду камсыз кылды.

Төмөндө Борбор Азиядагы мамлекеттердин тизмеси жарыяланды:

Кыргызстан тизме боюнча 68-орунду алды (58 мамлекет)

Тажикстан 71-орунда (54мамлекет)

Түркменистан-77-орун (48 мамлекет)

Монголия 70-орунда (55 мамлекет)

Аталган тизменин сап башында Германия менен Сингапур турат-бул өлкөлөрдүн жарандары визасыз 158 мамлекетке кире алат.

Экинчи орунда Швеция жана Түштүк Корея мамлекеттери (157 мамлекет).

Ал эми үчүнчүгө Дания, Финляндия, Франция, Италия, Испания, Норвегия, Япония, Улуу Британия жана АКШ сыяктуу 9 өлкө кирди – алардын жарандарына 156 мамлекетке визасыз кирүүгө уруксат.


Россия 39 орунда, алардын жарандары 108 мамлекетке кире алат.

Афганистан бул тизмеде 92-орунга турган. Алардын жарандары болгону 24 мамлекетке визасыз кире алышат.

Булак: CA-NEWS (CA)

Пикир

Оставить комментарий