• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Кыргызстан менен Казакстандын саламаттык сактоо министрлери кызматташуу планына кол коюшту

Ден соолук 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын саламаттык сактоо министрлери Алымкадыр Бейшеналиев менен Акмарал Алназарова кызматташуу планына кол коюшту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министрлер документке күн мурун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышуунун алкагында кол коюшту.

"Жолугушууда 2025-2026-жылдарга эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралардын планына кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо системасын заманбап чакырыктарга ыңгайлаштыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, кол коюлган планда белгиленген кызматташтык эки өлкөнүн жарандарына жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган көптөгөн багыттарды жана иш-чараларды камтыйт деп белгиледи.

Белгилей кетсек, план биргелешкен илимий долбоорлорду, анын ичинде генетикалык изилдөөлөрдү жана саламаттыкты сактоого инновациялык ыкмаларды иштеп чыгууну карайт.

Пикир

Оставить комментарий