• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстан менен Кипр диппаспорт ээлерин визалык талаптардан бошотот

Саясат 0

Бишкек, 28.09.24. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомстводосунан билдиришкендей, жолугушуу Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп, анда эки тараптуу күн тартибинин негизги маселелери талкууланды.

Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду колдоо жана экономикалык дипломатияны жандандыруу маанилүүлүгүн белгиледи. Бул максатта саясий консультацияларды өткөрүп, жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашууну сунуштады.

Айрыкча көп тараптуу аянтчаларда, анын ичинде Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоо боюнча тыгыз кызматташуунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында дипломатиялык паспорттун ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Тараптар эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны мындан ары чыңдоо ниеттерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий