• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Кыргызстан менен KOICA`нын кызматташтыгынын негизги аспектилери талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы кеңсесинин директору Ли Чонсу менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизги аспектилери талкууланып, министр Амангелдиев Кореяга узак мөөнөттүү жана ишенимдүү өнөктөштүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү сыяктуу түрдүү тармактарда Кыргызстанга жигердүү колдоо көрсөтүп келе жаткан KOICA`нын ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Ошону менен бирге министр Ли Чонсунун эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана пландаштырылган долбоорлорду алдыга жылдырууга кошкон жеке салымын белгилеп, ага министрликтин Ардак грамотасын тапшырды.

Ли Чонсу эки тараптуу кызматташтыкты координациялоодо KOICA`нын контр-өнөктөшү катары министрликтин маанилүү ролун белгилеп, ар тараптуу жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий