Кыргызстан менен Корея экология жаатында кызматташууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Хва-Джин менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Исмаилова КР экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү маселелерине артыкчылык маани бергендигин белгиледи.

"Кореянын "жашыл өнүгүү" тармагындагы алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен кыргыз тарап чакан ГЭСтерди, күн станцияларын куруу, таштандыларды акылдуу башкаруу жана электромобилдерди ишке киргизүү жаатында ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга жана кореялык министрдин Кыргызстанга расмий сапарын уюштурууга кызыктар", - деди элчи.

Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Ва-Джин өз кезегинде экология тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экология жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүүгө корей тарап кызыкдар экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда акылдуу ирригациялык системаны түзүү жана табигый кырсыктар жөнүндө эскертүү системасын киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун аягында министр Хан Хва-Джин мындан аркы кызматташууну кеңири талкуулоо үчүн жакынкы аралыкта Кыргызстанга иш сапары менен барууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий