• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Корея энергетика тармагында өз ара аракеттенүүсүн күчөтөт

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Кореядан келген "Starkoff Co. Ltd." компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселелерди талкуулашып, электр энергиясын иштеп чыккандан баштап керектөөчүгө жеткиргенге чейин эсепке алуудагы артыкчылыкты, кыргыз-корея мамилелерин, энергетикалык тармакта маалымат технологияларын колдонуу жана өнүктүрүүнүн пландары туурасында пикир алышты.

Андан тышкары, Энергетика министрлиги менен Кореянын "Starkoff Co. Ltd." компаниясынын ортосунда Корея менен Кыргызстандын алакасынын энергетика тармагында өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында меморандумга кол коюлду. Меморандумга министр Таалайбек Ибраев жана "Starkoff Co. Ltd." компаниясынын президенти Ан Таехо кол койду.

Белгиленгендей, "Starkoff Co. Ltd." компаниясы 2013-жылда негизделип, электр энергетикасында IТ-технологиясын санариптештирүү жана инновациялык интеллекттин негизинде электр энергиясына болгон керектөөнү визуалдаштыруу жана талдоонун системасын иштеп чыккан.

Аталган компания Кореянын мамлекеттик электр энергетикалык KEPCO компаниясынын ишенимдүү өнөктөшү болуп, ири масштабдуу MDMS үчүн жасалма интеллектти колдонуу менен электр энергиясына болгон талапты изилдөөдө адистешкен. Кореядагы 20 миңден ашуун электр заряддоочу станцияларга ээлик кылган электромобилдерди заряддоо кызматтарын көрсөткөн эң ири компаниялардын бири болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий