Кыргызстан менен Корея мамлекеттик сатып алуулар жаатында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Финансы министрлиги менен Кореянын Мамлекеттик сатып алуулар кызматынын (KONEPS) ортосунда Мамлекеттик сатып алуулар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Ведомстводон маалымдашкандай, документке КР финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев жана Кореянын Мамлекеттик сатып алуулар кызматынын делегациясын баштаган ректору Лик Ки Кын кол коюшту.

Ошондой эле жолугушууда келечекте электрондук мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Меморандумдун негизги максаты мамлекеттик сатып алууларды башкарууну өркүндөтүү максатында биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Биргелешкен иштин предмети тажрыйба алмашуу, окутуу, консультацияларды берүү жана керектүү технологиялар жаатында колдоо, электрондук сатып алуулар системасын түзүү жана өркүндөтүү боюнча маалымат алмашуу, мамлекеттик сатып алууларды башкаруу жаатында алдыңкы практиканы жайылтууга көмөктөшүү болуп саналат.

Тараптар заманбап стандарттарга ылайык электрондук сатып алуулар тутумунун иштешин камсыз кылуу үчүн Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулардын бизнес-процесстерин өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.


Кыргызстандагы KONEPS электрондук сатып алуулар системасынын тажрыйбасы мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатат деп күтүлүүдө. Аталган система дүйнөнүн тогуз өлкөсүндө уюштурулган. Бул Кыргызстанда электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасын ишке ашыруу максатында мамлекеттик кызматтарды электрондук формада көрсөтүүнү өнүктүрүүгө негиз болот.

Пикир

Оставить комментарий