• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстан менен Корея пайдалуу кендер жана металлургия чөйрөсүндө кызматташат

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Түштүк Корея пайдалуу кендер жана металлургия чөйрөсүндө кызматташат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Кызматташуу жөнүндөгү тиешелүү меморандум президент Садыр Жапаровдун 2-4-декабрь аралыгында Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында КР Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Кореянын Геология жана ресурстар институтунун ортосунда түзүлдү. Документке кыргыз тараптан министр Медер Машиев кол койду.

Белгиленгендей, меморандум пайдалуу кендер жана металлургия чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн негиз болот.

Документте төмөндөгүдөй кызматташтык каралган:

  • алдыңкы технологиялар жөнүндө илимий жана техникалык маалымат алмашуу;
  • инновациялык чечимдерди колдонуу менен кен казуу тармагынын жана металлургиялык процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлор;
  • эки тарапты тең кызыктырган башка багыттарды өнүктүрүү.

"Бул макулдашуу Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий