Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Министр Ким Кванджэни маанилүү кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө ишенимин билдирди.
Жолугушуунун негизги темасы президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 2-4-декабрында Кореяга жасаган расмий сапарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, инвестицияларды көбөйтүү жана техникалык жардам программаларын өнүктүрүү жаатында кол коюлган келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашыруу болду.
Өз сөзүндө Данияр Амангелдиев Кыргызстандын туруктуу экономикасы жана жагымдуу инвестициялык климаты өнөктөштүк үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын белгиледи.
Корея тарап биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө, соода байланыштарын бекемдөөгө, инновацияларды ишке киргизүүгө жана негизги тармактарга инвестиция тартууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган демилгелерди алдыга жылдыруу жана кызматташтыкты бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.
Пикир
Оставить комментарий