Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Кечээ, 18-сентябрь күнү Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Кореянын Өзбекстандагы элчиси Кан Чже Квон менен жолугушту. Жолугушуу түштүк кореялык тараптын демилгеси менен өтүп, кыргыз-корей кызматташтыгын камтыган маселелер талкууланган.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Кореядан Кыргызстанга келген туристтердин саны артып жатканы айтылып, Бишкек-Сеул аба каттамын ачуу маселеси боюнча сөз болгон.
Пикир
Оставить комментарий