• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кувейтте Кыргыз киносунун күндөрүн уюштуруу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги убактылуу ишенимдүү өкүлү Өмүрбек Гапаров Кувейттин Маданият, искусство жана адабият боюнча Улуттук ассамблеясынын башкы катчысынын орун басары Аиша Аднан Аль-Махмуд айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар достук маданий байланыштарды чыңдоо максатында Кыргыз-Кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын III жыйынында кол коюлган 2023-2025-жылдарга карата маданият багытындагы аткаруу Программасын талкуулашты.

КР Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык маарекесинин алкагында эки өлкөнүн дипломатиялык карым-катнашынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө менен бирге 2024-жылдын ичинде борбор шаарларда маданий күндөрдү, ал эми Кувейтте кыргыз улуттук кийимдеринин жарманкесин жана туристтик көргөзмөлөрүн өткөрүүнү макулдашты.

Мындан тышкары, Кувейтте Кыргыз киносунун күндөрүн уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы кадамдарын белгилешип, дайыма тыгыз байланышта болууну белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий