• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Кыргызстан менен Кувейттин соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Нурлан Токобаев Кувейт Инвестиция башкармалыгынын башкаруучу директору Ганим Сулайман Аль-Гунейман менен жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын бекемдөө жана кеңейтүү, анын ичинде жашыл экономика жана инфраструктура тармагындагы долбоорлорду талкуулашты.

Кувейт тарап Кыргызстандын өсүп жаткан инвестициялык жана экономикалык потенциалын жогору баалап, сунушталган инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө жана аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы кадамдарын белгилешип, дайыма тыгыз байланышта болууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий