• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Кытай энергетика жаатында 17 документке кол койду. Тизме

Коом 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай энергетика жана көмүр казуу жаатында 17 документке кол койду. Бул тууралуу КР Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, документтерге энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономиялуу районунда иш сапарынын алкагында кол коюлду.

Тараптар энергетика тармагындагы кызматташтыкты терендетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында кол койду. Бул Кытай менен Кыргызстандын алакасынын энергетика тармагындагы жаңы багыттарына жол ачат.

16-августта Урумчи шаарындагы кол коюлган документтердин тизмеси:

1. КР министрлер кабинети менен КЭР СУАР элдик өкмөтүнүн ортосундагы меморандум энергетика жана энергетикалык саясат, технологиялар, пландоо, ошондой эле электр энергиясын жеткирүү максатындагы энергетикалык инфраструктуранын өз ара байланышына көмөктөшүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында түзүлдү.

2. КР Энергетика министрлиги менен Tebian Electric Apparatus Stock Co., Ltd. ортосунда кызматташууга ниеттенүү боюнча меморандум энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу, энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүнү камсыздоо, ошондой эле Кыргызстандагы керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон керектөөлөрүн камсыздоо үчүн Сары-Жаз ГЭСтер каскадын куруу жана пайдалануу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

3. КР Энергетика министрлиги менен Tebian Electric Apparatus Stock Co., Ltd. ортосунда кызматташуу боюнча Меморандум 500 кВ Кемин-Торугарт электр берүү линиясын куруу максатында түзүлгөн. КР менен КЭР ортосунда 500 кВ аба чубалгысын куруунун максаты болуп, Кыргызстанда ГЭСтер каскаддарын жана ЭКБ ишке киргизүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууну эске алуу менен электр энергиясын өз ара пайдалуу, эки тараптуу берүү үчүн эки өлкөнүн энергетикалык тутумдарын бириктирүү эсептелет.

19-августта "Кыргызстан жана Синьцзянь-Уйгур автономиялуу району" бизнес-форумунда кол коюлган документтердин тизмеси

1. "Тегене" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен Hebei Jinsheng MINING ENGINEERING Co Ltd компаниясы ортосундагы ниет Келишими.

"Кыргызкөмүр" МИ менен Hebei Jinsheng MINING ENGINEERING Co Ltd ортосунда келишим түзүү негизги максаты – «Тегене» көмүр кенин биргелешип иштетүү, өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун жөнгө салуу.

"Тегене" көмүр кени Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан 35 км алыстыкта жайгашкан. Бул "Тегене" участогунун баланстык запасында 58 млн 396 миң тонна таш көмүр бар. Аны казып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биргелешкен иш-чаралар аймактын экономикалык өсүшүнө абдан жагымдуу таасирин тийгизет. Бул тоо-кен тармагында гана эмес, кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

2. "Торугарт" көмүр кендерин биргелешип иштетүү боюнча "Кыргызкөмүр" МИ менен Irkeshtan Port Xingi International Trade Co ltd компаниясынын ортосундагы ниет келишими; Көмүр кени чек ара зонасында жайгашкандыктан көмүрдү КЭРге экспорттоо үчүн келечектүү багыт болуп саналат. "Торугарт" көмүр кенин ишетүүнүн максаты, көмүр кен мурда толук кандуу изилденбегендиктен, жаңы көмүр участокторун аныктоо, жаңы заманбап геологиялык чалгындоо ыкмаларын, техникаларын колдонуу менен көмүрдүн запасын толук кандуу аныктап, көлүмдүү көмүрдүү казуу болуп саналат.

3. "Каракабык-Балыкты" көмүр кенин иштетүү боюнча "Кыргызкөмүр" МИ менен - Irkeshtan Port Xingi International Trade Co lt компаниясынын ортосунда ниет келишими.

"Каракабык-Балыкты" көмүр кени тоолу Чоң-Алай районунда жайгашкан. Көмүр абдан калориялуу болуп саналат. Аны отко жакканда коллориясы 6800го жетет. Кенди биргелешип иштетүү тоолу райондо жайгашкан жергиликтүү калкты арзан сапаттуу көмүр менен камсыз болуп, жылуулуктун үзгүлтүксүз болуусунун кепилдиги болуп саналат. Ошондой эле көмүр кен кыргыз-кытай “Эркештам” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкандыктан улам, КЭРге майда көмүрдү көлөмдүү экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

4. "Торугарт" кыргыз-кытай автомобиль чек арасына жакын көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу боюнча "Кыргызкөмүр"МИ менен - Irkeshtan Port Xingi International Trade Co lt компаниясынын ортосунда ниет келишими;

"Торугарт" кыргыз-кытай чек арасына жакын жерге көмүр логистикалык база биргелешип куруу – бул Кыргызстандын түндүк аймагынан Кытайга көмүр экспортун тартипке салып, кытай керектөөчүлөрүнүн талаптарына ылайык көмүр продукциясын өзүнчө фракцияларга кайра бөлүп, ошондой эле ички рынокто кесек көмүрдү жергиликтүү калкка жеткиликтүү туруктуу баада сатууга мүмкүндүк берет.

5. "Сүлүктү талаа - 11" көмүр кенин биргеликте иштетүү жөнүндө "Кыргызкөмүр" МИ менен КРдагы "Томирис-Кен" ЖЧК компаниясынын ортосундагы ниет келишими;

Убагында "Борбордук Азиянын качегары" деп аталган бул кен 114 млн тонна көлөмүндө өнөр жайлык тастыкталган көмүр запасына ээ. Көмүрдүн сапаттык мүнөздөмөлөрү таасирдүү, алыскы жана жакынкы коңшу мамлекеттерде абдан популярдуу болуп саналат, мында эң жогорку күйүү жылуулугу 7400 килокалорияны түзөт. Кенди иштетүү менен алыскы Баткен облусунун "Шахтерлор шаарчасы" деп аталган Сүлүктү шаарынын кайрадан жаңылануу деми болуп, көптөгөн жумушчу орундар түзүлүп, региондун социалдык-экономикалык абалын кыйла алдыга сүйрөй турган долбоор болот.

6. "Эркештам" кыргыз-кытай автомобиль чек арасына ленталык конвейери менен көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу боюнча Кыргызкөмүр МИ менен "Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., LTD (ООО Энергическая технология Дачэнлунюань в Синьцзяне)" ортосундагы ниет келишими;

Ленталык конвейерди куруу долбоору борбор Азияда жаңылык деп атасак болот анткени Кыргызстан менен Кытайдын узак мөөнөттүү өнөктөштүктү жана көмүрдүн дүң экспортуна кирүүнү, ошондой эле кошумча чыгымдарды азайтуу, экологиялык зыяндын тобокелдиктерин жоюу, көмүрдү ташуудагы тыгындарды азайтуу менен адам факторун толугу менен жокко чыгарып, көмүрдүн күнү-түнү жылдырууну камсыз кылат.

7. КРнын гидроэнергетикатык долбоорлорду энергетика тармагында өнүктүрүү боюнча КР Энергетика министрлиги менен Tebian Electric Apparatus Stock Co., Ltd. "TBEA" жана "Чакан ГЭС" ААК ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум. Меморандумдун негизги максаты - тараптар энергетика тармагындагы, анын ичинде чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташуунун шарттарын жана жоболорун аныкташты.

8. КР Энергетика министрлиги, МКнын алдындагы Жашыл энергетика фонду, "КУЭТ" ААК жана Молин Энеджи компаниясынын ортосундагы КРда күн электр станциясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу. Бул макулдашуунун максаты КР ЭМ менен Молин Энерджи компаниясынын ортосунда кубаттуулугу 1,5 ГВт энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду куруу боюнча кызматташуу болуп саналат.

Компания техникалык-экономикалык негиздемесинин, чалгындоонун, долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча отчетторун 9 айдын ичинде өз эсебинен дайындайт.

9. "Ак - Улак" көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө "Кыргызкөмүр" МИ менен ОсОО Shanci Сoal Investment Group LLC компаниясынын ортосунда папкаларды алмашуу;

Биргелешкен иштин негизги максаты Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан Миң-Куш күрөң көмүр кенинин "Агулак" участогунда көмүр казып алуу боюнча өндүрүштүк участокту жаңыча заманбап усулдарды колдонуу менен жаңы дем берип, көлөмдүү көмүр казууга чыгып, өлкөбүздүн Түндүк регионун мамлекеттик мекемелерин жана калкын сапаттуу жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу болуп саналат.

10. "Беш - Бурхан" көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө "Кыргызкөмүр МИ" менен ОсОО Shanci Сoal Investment Group LLC компаниясынын ортосунда келишим боюнча папка алмашуу.Биргелешкен иштин негизги максаты болуп Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан өз убагында иштеп, азыркы мезгилде токтоп калган "Бешбурхан" күрөң көмүр кенин жер алдында иштетүү менен жеригилктүү тургандарды жумуш менен камсыз кылуу жана региондун көмүргө болгон муктаждыгын жоюу болуп саналат.

11. “Курулуп жаткан электрстанциялары дирекциясы" ААК менен "№5 Кытай темир жол инженердик группалык компаниясы" жана "Кытай чет өлкөлүк инжиниринг корпорациясынын" ортосунда Сары-Жаз ГЭСтер каскадын куруу ниети жөнүндө макулдашуу.

КР туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу, энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүдө жеке инвестициялардын маанилүүлүгүн түшүнүү менен Сары-Жаз каскадын куруу ниети жөнүндө макулдашуу.

12. “Торугарт 1" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча Кыргызкөмүр МИ менен "Kashi Shunbaofu Trade and export Trade Corporation" компаниясынын ортосундагы ниет келишими. Көмүр кен тоолуу аймакта татаал климатта жайгашкандыктан мурда дээрлик геолгиялык изилдөө, чалгындоо иш-чаралары жүргүзбөгөндүктөн көмүрдүн баланстык запасы аныкталган эмес.

Бул келишимдин натыйжалуулугу биринчи кезекте аталган көмүр кенди толук кандуу чалгындоо иш-чараларын жүргүзүүлүшү, экинчиден инвеститция тартуу менен региондун инфоструктурасынын жакшыртуу, жергиликтүү тургандарды жумуш менен камсыз болушу ошондой эле кошуна чек аралаш КЭР менен достук, соода-сатык мамилеси чындалып жаткан мезгилде тоо-кен тармагында да кызматташууну жакшыртуу болуп саналат.

13. КР Энергетика министрлиги менен CHINA POWER ENGINEERING CONSULTING GROUP INTERNATIONAL ENGINEERING CO., LTD. ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум (3ГВт).

Бул меморандумдун максаты - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен China Power Engineering Consulting Group International Engineering Co., ltd. 2027-жылдын аягына чейин жалпы кубаттуулугу 3 ГВт болгон гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары (шамал, күн) тармагындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу болуп саналат.

14. КР Энергетика министрлиги менен Goldwind Science & Technology Co., Ltd. ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Бул меморандумдун максаты КР Энергетика министрлиги менен Goldwind Science & Technology Co., Ltd. энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал станцияларын куруу, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ошондой эле Кыргызстандагы энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ресурстарга баа берүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий