• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Кытай көмүр тармагында кызматташуу боюнча 4 документке кол койду

Экономика 0

Бишкек, 26.10.23./Кабар/. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен менен Кытайдын бир катар компаниялары көмүр тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү жана биргелешип долбоорлорду ишке ашыруу максатында документтерге кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

1. "Тегене" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен Кытайдын "Горная инженерия Лун" (Hebei Jinsheng MINING ENGINEERING Co Ltd) компаниясынын ортосундагы биргелешип көмүр казууга болгон келишим.

"Кыргызкөмүр" МИ менен "Горная инженерия Лун" компаниясынын ортосунда келишим түзүүнүн негизги максаты – "Тегене" көмүр кенин биргелешип иштетүү, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жөнгө салуу.

"Тегене" көмүр кени Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан 35 км алыстыкта жайгашкан. Бул "Тегене" участогунун баланстык запасында 47 млн тонна таш көмүр бар. Аны казып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биргелешкен иш-чаралар аймактын экономикалык өсүшүнө абдан жагымдуу таасирин тийгизет. Бул тоо-кен тармагында гана эмес, кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Келишимге "Кыргызкөмүр" МИнын башкы директору Азамат Сеиткожоев менен "Горная инженерия Лун" ЖЧКсынын башкы директору Чэнь Хайлун кол койду.

2. "Торугарт" көмүр кендерин биргелешип иштетүү боюнча "Кыргызкөмүр" МИ менен "Дунг Сын Эл аралык энергетикалык-соода компания" ЖЧКсы (Shunbaufu Trade and export Trade Corporation КЭРдеги компания) биргелешип көмүр кенин чалгындогоо болгон келишими.

Көмүр кени чек ара зонасында жайгашкандыктан көмүрдү Кытайга экспорттоо үчүн келечектүү багыт болуп саналат. "Торугарт" көмүр кенин ишетүүнүн максаты, көмүр кен мурда толук кандуу изилденбегендиктен, жаңы көмүр участокторун аныктоо, жаңыча заманбап геологиялык чалгындоо ыкмаларын, техникаларын колдонуу менен көмүрдүн запасын толук кандуу аныктап, көлөмдүү көмүрдүү казуу болуп саналат.

Кол коюлган келишим Кыргызстандын түндүк аймагынан Кытайга көмүр экспортун тартипке салып, кытай керектөөчүлөрүнүн талаптарына ылайык көмүр продукциясын өзүнчө фракцияларга кайра бөлүп, ошондой эле ички рынокто кесек көмүрдү жергиликтүү калкка жеткиликтүү туруктуу баада сатууга мүмкүндүк берет.

Келишимге "Кыргызкөмүр" МИнын башкы директору А.Сеиткожоев менен "Дунг Сын Эл аралык энергетикалык-соода компания" башкы директору Ся Хайдунг кол койду.

3. "Сүлүктү талаа – 11" көмүр кенин иштетүү жөнүндө "Кыргызкөмүр" МИ менен "Томирис-Кен" ЖЧКсынын ортосундагы биргелешип көмүр казууг боюнча келишими;

Убагында борбордук Азиянын качегары деп аталган бул кенде 114 млн тонна көлөмүндө өнөр жайлык тастыкталган көмүр кору бар. Көмүрдүн сапаттык мүнөздөмөлөрү таасирдүү, алыскы жана жакынкы коңшу мамлекеттерде абдан популярдуу болуп саналат, мында эң жогорку күйүү жылуулугу 7400 килокалорияны түзөт. Кенди иштетүү менен алыскы Баткен облусунун шахтерлор шаарчасы деп аталган Сүлүктү шаарынын кайрадан жаңылануу деми болуп, көптөгөн жумушчу орундар түзүлүп, аймактын социалдык-экономикалык абалын алдыга сүйрөй турган долбоор болмокчу.

Келишимге "Кыргызкөмүр" МИнын башкы директору А.Сеиткожоев менен "Томирис-Кен" ЖЧКсынын башкы директору Го Гуй Лун кол койду.

4. "Эркештам" кыргыз-кытай автомобиль чек арасына ленталык конвейери менен көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу боюнча "Кыргызкөмүр" МИ менен "Синьцзяндагы Дачэнлунюань энергетикалык" ЖЧК (Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., LTD) компаниясынын ортосундагы биргелегип иштешүү келишими;

Ленталык конвейерди куруу долбоору борбор Азияда жаңылык деп атасак болот. Анткени Кыргызстан менен Кытайдын узак мөөнөттүү өнөктөштүктү жана көмүрдүн дүң экспортуна кирүүнү, ошондой эле кошумча чыгымдарды азайтуу, экологиялык зыяндын тобокелдиктерин жоюу, көмүрдү ташуудагы тыгындарды азайтуу менен адам факторун толугу менен жокко чыгарып, көмүрдү күнү-түнү жылдырууну камсыз кылат.

Келишимге "Кыргызкөмүр" МИнын башкы директору А.Сеиткожоев менен "Синьцзяндагы Дачэнлунюань энергетикалык" ЖЧК компаниясынын башкы директору Йе Жын кол койду.

Пикир

Оставить комментарий