• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кыргызстан менен Кытай логистика жана соода-сатык жаатында кызматташтыкты бекемдейт

Экономика 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Кытайда 20-ноябрда Кыргызстандын делегациясы Янтянь эл аралык контейнердик терминалынын президенти менен жолугушуу өткөрдү.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан, ошондой эле башка аймактар ​​менен жүк ташууну жакшыртуу үчүн транспорттук каттамдарды жана инфраструктураны өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында, Кыргызстандын инфраструктурасын модернизациялоого жана логистиканын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы транспорттук түйүндөрдү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жигердүү өнүгүп, соода жана логистика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, Янтянь порту дүйнөлүк соодада маанилүү ролду ойноп, Борбордук Азиядан эл аралык рынокторго товарларды экспорттойт.

Пикир

Оставить комментарий