• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Кыргызстан менен Кытай ветеринария жаатында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. 26-28-август күндөрү Ветеринария кызматынын директору Улугбек Кожобергенов жетектеген делегация жумушчу сапары менен Кытайдын Айыл чарба илимдер академиясынын (CAAS) Ланьчжоу Ветеринария илим-изилдөө институтунда болду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул институт Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун шарп ылаңы боюнча референттик лаборатория болуп саналат.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө биргелешкен эл аралык илимий долбоордун пайдубалын түзгөн маанилүү кызматташтык келишимине кол коюлду.

Келишимдин максаты:

- эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий изилдөө институтунун базасында курч зооноздук ылаңдардын, анын ичинде шарптын алдын алууга жана аларга каршы күрөшүүгө багытталган жаңы ветеринардык препараттарды иштеп чыгуу.
- биргелешкен изилдөө демилгелери: зооноздук оорулардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн биздин мамлекеттердин илимий потенциалын бириктирүү;
- техникалык кызматташтык: ветеринардык практика жана технологиялык жетишкендиктер жаатында тажрыйба алмашуу;
- изилдөөчүлөрдүн алмашуусу: билим алмашууга көмөктөшүү жана чек аралык кызматташтыкты бекемдөө.
- академиялык маалымат алмашуу: маанилүү маалыматтарды жана изилдөө натыйжаларын бөлүшүү аркылуу жалпы түшүнүктү тереңдетүү.
- изилдөө материалдарын алмашуу: биздин изилдөөчүлөргө эң мыкты ресурстарды берүү.

Пикир

Оставить комментарий