• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Бүгүн түнү саат 04:23тө кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Ысык-Көлдүн Бедел айылынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 80 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 150 чакырым жана Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 153 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пункттарында - Бедел, Ыштак, Кара-Сай айылдарында жер титирөөнүн күчү - 4 балл, ал эми Кумтөр кенинде 3 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий