• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Кытайдын Шаньдун провинциясынын ортосундагы экономикалык кызматташтык талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев башкы катчы Юи Линг башында турган Кытайдын Шаньдун провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү менен жолугушту. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Визит жаңы артыкчылыктарды калыптандыруу жана Шаньдун провинциясы менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык жана соода алмашууларды жана кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле ишканаларды "Бир алкак, бир жол" программасына катышууга биргелешип илгерилетүү максатында уюштурулган.

Автомобиль соодасы (технопарк, автосалондор, автоунаа экспорту, эксплуатация), энергия өндүрүү (литий батареялары) жана энергияны сактоочу жабдуулар, курулуш материалдарын өндүрүү, оптикалык байланыш каражаттарын жана оптокабель продукциясын өндүрүү жана сатуу, химиялык заттарды сатуу чөйрөсүндөгү жергиликтүү компаниялар менен жолугушуу уюштурулду.


Шаньдун провинциясы КЭРдин экономикалык турмушунда жетектөөчү ролду ойногон үч провинциянын бири болуп саналат.

Шаньдун ошондой эле КЭРде 8 трлн жакын ИДПнын деңгээли менен алдыңкы позициялардын бирин ээлейт. Бул болжол менен 1 трлн доллар. Бул облустун экономикасынын негизги тармактары: таш көмүр жана мунай, туз, графит казып алуу. Машина куруу жаатында Шаньдун электр жабдууларын, вагондорду жана локомотивдерди, айыл чарба машиналарын, кеме куруу менен белгилүү.

Пикир

Оставить комментарий