• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Кыргызстан менен Кытайдын соцкамсыздоо жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Социалдык фондунун өкүлдөрү менен Кытайдын Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлигинин делегациясынын жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык камсыздоо жаатындагы эки тараптуу мамилелерди талкуулап, ага кошумча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулашты.

КР Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев өз сөзүндө жолугушуу эки өлкөнүн ортосунда кызматташууну бекемдеп, ведомстволор аралык өз ара кызматташтыктын динамикалуу өнүгүүсүн улантуу үчүн жакшы кадам болуп каларын белгиледи.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасын өнүктүрүүгө да чоң өбөлгө түзөт", - деп белгиледи ал.

Ал эми КЭР адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министринин орун басары Юй Цзядун бүгүнкү жолугушуу эки ведомствонун өкүлдөрү үчүн маалымат алмашууга натыйжалуу аянтча болгонуна токтолду.

"Кызматташуу боюнча мындан аркы максаттарды, анын ичинде КР министрлер кабинети менен КЭР өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деп кошумчалады ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мындан аркы кызматташууну жакшыртууну каалашарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий