• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен кытайлык фирма айыл чарба чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Кытайга жумушчу визитинин алкагында Пекинде CJI компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Бинь менен жолугушту.

"Сиздердин корпорация Кыргызстанда айыл чарба чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашырганга кызыкдар. Сиз Кытайдын бир нече компанияларынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга визитин уюштурганыңыз жөнүндө кабардармын. Алар кыргыз тарап менен кызматташуу маселелерин изилдешти. Биз айыл чарбасында долбоорлорду ишке ашырууга көп көңүл бурабыз. Кыргызстан агрардык секторго инвестицияларды тартууга кызыкдар жана ушул багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр", — деп баса белгилеп, Жээнбеков компания Кыргызстандын агрардык секторуна эң жаңы технологияларды киргизе аларына ишене турганын билдирди.

"Кыргызстандын бир облусунда жетекчи кезимде Кытай провинциялары менен тыгыз кызматташчубуз, Сиздин өлкөнүн керектөөлөрүн жакшы билем, ошондуктан биздин экологиялык жактан таза жана даамдуу азык-түлүктөрүбүз Кытай рыногунда өз кардарларын табаарына ишенем. Эгерде Сиз биз менен кызматташсаңыз жаңылбайсыз", — деди Жээнбеков.

CJI компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Бинь компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда бир нече жолу болушканын жана өлкө долбоорлорду ишке ашыруу жана айыл чарбасына инвестиция салуу үчүн ыңгайлуу экенине алардын көзү жеткенин баса балгиледи.

“Биз Кыргызстанга терең достук сезим менен мамиле жасайбыз, мен Сиздин өлкөнүн жаңылыктарына дайыма кызыгам. Сиз Президент болуп шайланганыңызда биз да абдан кубандык. Сиздин 2018-жылдагы Кытайга визитиңиз учурунда Төрага Си Цзиньпин менен стратегиялык маанидеги документке кол койдуңуздар. Бул эки өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Германияга визитиңиз учурунда да Сиз Кыргызстан инвестициялар үчүн ачык экенин билдирдиңиз. Бул абдан жакшы саясат. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргызстандын экономикасы инвесторлордун колдоосуна ээ болот деп ишенем», — деп Ван Бинь өз пикирин билдирди.

Маалымат иретинде:

CJI компаниясы эл аралык инжинеринг тармагында адистешкен, курулуш, эл аралык соода, шаарлар жана айылдарга инвестициялоо, консалтинг жана башка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик компания болуп саналат.

Компаниянын өкүлдөрү акыркы кезде Кыргызстанга бир нече ирет визит менен келген, КР премьер-министри жана биринчи вице-премьер-министр менен жолугушууларды өткөргөн. Кыргыз Республикасынын тийешелүү министрликтери жана ведомстволорунун, ошондой эле Ош облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

2018-жылдын 25-октябрында CJI компаниясы жана КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги кыргыз-кытай агроөнөржай паркын түзүү боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий