• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Малайзиянын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Малайзия эл аралык ислам университетинин жетекчилиги менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы ислам принциптерине жана баалуулуктарына негизделген билим берүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, студенттер менен алмашууларды уюштуруу, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатуу, Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери үчүн ислам каржылоосу, ислам банкинги, ислам баалуу кагаздарын жана камсыздандыруусун, ошондой эле адал-индустрияны өнүктүрүү жаатында атайын тренингдерди өткөрүү боюнча пикир алмашуу орун алды.

Малайзиянын эл аралык ислам университетинин жетекчилиги Кыргызстандын керектөөлөрүн изилдөө жана кызматташтыктын конкретүү багыттарын талкуулоо максатында үстүбүздөгү жылдын күз айларында Бишкек шаарына барууга даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий