• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстан менен Монголия кинематография тармагында тыгыз кызматташат

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Кечээ, 3-октябрда Бишкекте кыргыз жана монгол кинорежиссерлорунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кинорежиссерлор кыргыз-монгол мамилелерин талкуулап, мындан ары кинематография тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган натыйжалуу кадамдарды жасоону макулдашууга жетишти.

Ошондой эле тараптар Монголияда кыргыз киносунун күндөрүн, ал эми Кыргызстанда Монголиянын кино күндөрүн өткөрүүнү макулдашты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга "Түбөлүк асман астында" тасмасында башкы ролду жараткан кинорежиссер жана актёр Темучиндин (Чыңгызхан) ролун ойногон Монголиянын эл артисти Агваанцэрэн Энхтайван, кинорежиссёр жана оператор Отгонзориг Батчулуун жана сценарист, продюсер Даваасүрэн Лувсаннамсрай келген.

Пикир

Оставить комментарий