Кыргызстан менен Непалдын кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Непалдагы элчиси Аскар Бешимов Непалдын тышкы иштер министринин орун басары Сева Ламсал менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 14-майда Непалдын президенти Рамчандра Пауделге ишеним грамотасын тапшыруу аземинин алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын менен Непалдын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Кыргыз тарап Непал менен бир катар тармактарда, анын ичинде туризм, билим берүү, адам ресурстарын алмашуу боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Непалдын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларды өткөрүү, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы Кызматташтык программасына кол коюу, кыргыз-непал эки аралык катнаштарынын актуалдуу багыттары боюнча келишимдердин долбоорлорун макулдашуу маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий