Кыргызстан менен Нидерланддардын ортосунда салыктык макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" КР мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бул мыйзам 2024-жылдын 22-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.

Макулдашуу Кыргызстан менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы салык салуу чөйрөсүндөгү өз ара мамилелерин жөнгө салууну карайт.

Пикир

Оставить комментарий