• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Кыргызстан менен ОПЕК фонду биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жол картасын түзөт

Экономика 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Вена шаарында өткөн кыргыз-австриялык эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча комиссиянын 9-жыйынынын алкагында Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов ОПЕК фондунун вице-президенти Шаимаа Аль-Шейби менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Кыргызстандагы учурдагы экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берип, бизнеске ыңгайлуу чөйрө түзүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу сыяктуу маанилүү стратегиялык долбоорлор талкууланып, алардын өлкө инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү ролу баса белгиленди.

Санжар Болотов ОПЕК фондуна энергетика, транспорттук инфраструктура, айыл чарба жана ипотекалык турак жай курулушу тармактарында долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады.

Ошондой эле тараптар үстүбүздөгү дылдын 22-августунда Кыргызстан менен ОПЕК фонду кол койгон жеке сектордун ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча макулдашуунун алкагында жеке инвестициялык долбоорлорду каржылоо маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун аягында эки тарап тең кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жол картасын түзүүнү макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий