• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө талкууланды

Коом 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Кыргызстан Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев «Belt and Road Consultants Pvt Ltd, «Diplomatic Insight Group»тун башкы директору, «Diplomatic Insight» журналынын башкы редактору Мухаммад Асиф Нур жана "Тынчтык жана дипломатиялык изилдөө институтунун" президенти Фархат Асиф менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын илим, маданият, туризм, соода жана инвестиция жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, маектештер эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү үчүн биргелешкен иш-чараларды уюштурууну иштеп чыгууну, бизнес-ассоциациялар менен байланыш түзүүнү, ошондой эле маалымат алмашууну жөнгө салууну макулдашышты.

Мындан тышкары, бир жылдын ичинде Пакистан бизнес өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапары тууралуу келишимдер түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий