• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстан менен Пакистандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 19.05.24./Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар салттуу достук мүнөзгө ээ болгон Кыргыз-Пакистан мамилелерин эки тараптуу деңгээлде ар кандай чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын, биринчи кезекте БУУ, ШКУ, ИКУ алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын белгилешти.

Министр Жээнбек Кулубаев үстүбүздөгү жылдын 18-майында Бишкек шаарында чет өлкөлүк студенттердин, анын ичинде Пакистандын жарандарынын катышуусунда болгон окуя тууралуу маалымат берип, учурда коомдук тартип толугу менен камсыздалып, кырдаал Кыргызстандын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Ошол эле учурда кыргыз тарап чет элдик ЖМКларда, социалдык тармактарда, анын ичинде Пакистандын аймагында аталган окуя жана Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу жалган жана такталбаган маалыматтар жайылып жатканына олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

Ушуга байланыштуу Жээнбек .Кулубаев тастыкталган маалыматты пайдалануунун, ошондой эле Пакистандын маалымат мейкиндигинде Кыргыз-Пакистан мамилелерине зыян келтириши мүмкүн болгон жалган маалыматтарды жана басылмаларды токтотуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Дар Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан коомдук тартипти жана пакистандык студенттердин Кыргызстандын аймагындагы коопсуздугун камсыздоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүп жаткандыгы үчүн толук түшүнүү жана ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул багытта активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин белгиледи.

Мындан ары маалымат алмашуу жана Кыргыз-Пакистан мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында тараптар 2024-жылдын 21-майында Астана шаарында ШКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү, ошондой эле жакынкы арада Бишкек шаарында КР жана ПИР ортосунда консулдук-укуктук маселелер боюнча ТИМдер аралык кеңешмелерди уюштурууну макулдашты.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистан элдери боордош элдер болуп саналып, эки өлкө ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоо багытында биргелешип иш алып баруу боюнча бир пикирде болушту.

Пикир

Оставить комментарий